МАМБЕТАЛИЕВ АЛТЫНБЕК ДЖУМАБАЕВИЧ

Мен, Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевич, 1987-жылдын 23-октябрында Чүй облусунун Москва районунун Чоң-Арык айылында жарык дүйнөгө келгем.

Атам — Мамбеталиев Жумабай Мырзабашиевич, карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Энем — Молдобаева Калича Бекбоевна, үй кожойкеси болгон. Үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусумун. Учурда үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.

1994-жылы мектеп босогосун аттап, 2005-жылы орто мектепти аяктадым. 2009-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан №28 Кыргыз-Россия лицейине кирип, 2012-жылдын 28-февралында «Фермер-ишкер чарбактын ээси» кесиби боюнча аталган окуу жайды толук бүтүрдүм.

2014-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Агротехникалык колледжине тапшырып, 2017-жылы «Айыл чарбасындагы ишкердик» адистиги боюнча диплом алдым. Ошол эле жылы окуумду улантып, аталган университеттин «Менеджмент» багытына тапшырдым. 2021-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, Бакалавр даражасына ээ болдум.

Коомдук ишмердүүлүк

Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты болуп төрт жолу шайланып, учурда Төрага кызматын аркалап келем.

Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар демилгелерди көтөрүп, жергиликтүү калктын турмушун жакшыртууга салым коштум.

Айыл жаштарын спортко жана маданий иштерге тартуу багытында бир нече долбоорлорду ишке ашырдым.

2023-жылдан тартып Москва районунун Көк-бөрү федерациясынын президенти, ал эми 2025-жылдан тартып Чүй облусунун Көк-бөрү федерациясынын вице-президенти болуп эмгектенип келем.

Аймактык деңгээлде жаштардын спортко кызыгуусун арттыруу жана улуттук оюндарды даңазалоо боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатам.

Максаттарым

Менин башкы максатым — өз айылымдын, райономдун жана жалпы Чүй облусунун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошуу. Элдин жашоосун жакшыртуу үчүн инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарбасын заманбап деңгээлде өнүктүрүү жана жаш муундарды тарбиялап, улуттук баалуулуктарды сактоо багытында үзүрлүү эмгектенүү.

Ошондой эле улуттук спортубуз болгон көк-бөрүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуу — негизги максаттарымдын бири.