Мен Сартпаев Эдик Омурзакович жогорку кенештин депутаттыгына талапкер катары төмөндөгү өзүмдүн программамды сунуштайм.

      Укуктук мамилелер

Мыйзамдардын бири-бирине  шайкеш болуусун камсыз кылуу.

Мамлекеттик органдар,жергиликтүү бийлик жана калктын ортосундагы мамилелерди камтуучу   укуктук ченемдик актылардагы ар бир тараптын укугун, жоопкерчилигин ошондой эле милдетин так көрсөтүү.

   Экономика

Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү багытында инвестициянын көлөмүн көбөйтүү үчүн инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү, өнөр жай жана кайра иштетүү ж.б тармактарын өнүктүрүү

Айыл чарба тармагында экстенсивдүү методдон интенсивдүү методго өтүү программаларын иштеп чыгуу жана ошого жараша тиешелүү укуктук ченемдик актыларды карап чыгуу.

Социалдык коргоо

Социалдык коргоо жаатында калктын аярлуу катмарын түзгөн жарандарга ар тараптан жардам көрсөтүү,  алардын укугун коргоо. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү.

Билим берүү

 Билим берүү тармагында иштеп жаткан адистердин билим денгээлин, кесипкөйлүгүн жана материалдык жактан камсыз болушун жогорулатуу менен бирге алардын кадыр баркын көтөрүү.

Маданият

Маданият тармагында кыргыздын маданиий тарыхый мурастарын сактап жана өнүктүрүүгө басым жасоо  жана өлкөбүздүгү башка улуттардын маданиятын эске алуу менен иштерди алып баруу. Массалык спортту өнүктүрүү

Саламаттык сактоо

Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик колдоону күчөтүү.

    Улуттар аралык мамиле

Эн оболу өлкөбүздүн ичиндеги улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, улуттар арасында ынтымакты бузуу аракеттерин көргөн тараптардын жоопкерчилигин күчөтүү.

   Ачык айкындуулук

Мамлекеттик башкаруудагы ачыктыкты камсыз кылуу үчүн коомчулукка маалыматты  өз убагында ачык айкын  жеткиликтүү берилишине жана ишенимдүүлүктү арттырууга ошондой эле  жарандардын чечим кабыл алууга катышуусуна бардык шарттарды түзүүгө аракеттер жумшалат

Жаркын келечекке бирге кадам таштайлы!