Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Талантбек Темирханович Бөдөшевтин программасы
Ачык-айкындуулук бюджет
Бюджеттин аткаруу системасын сапаттуу-натыйжалуу көзөмөлдөө. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн жарандарга жеткиликтүүгүн камсыздоо. Ачык-айкындуулук каражатты пайдаланууга ишеничти жана эффектүүлүктү жогорулатуу.
Замамбап мамлекеттик жана муниципалдык кызмат.
Облустун, райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жоопкерчилигин жана аткарылшын жогорулатуу. Санариптик саясатты жогорулатуу, жарандардын кайрылуусун, кайрылуулардын аткаруусун көзөмөлдөөнү жогорулатуу, бюрократиялык системаны жоюу.
Жер жана турак-жай
Жер пайдаланууну жана курулушту иретке келтирүү. Айыл чарба багытындагы, жайыт жерлерин максатуу пайдаланууга көмөктөшүү. Шаардык жана аймактык деңгээлдеги мамлекеттик социалдык жаңы имараттарды курууга көмөктөшүү. Жеке менчикке кепилдик берүү.
Суу жана экология
Суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо. “Таза суу” программасын ишке ашыруу, суу түйүндөрүн оңдоп түзөө, сапатын көзөмөлдөө. Жеке секторду газдаштыруу, өндүрүштү чыпкалоо, таштандыларды кайра иштетүү.
Транспорт жана жол
Каттамдарды оптималдаштыруу, транспортторду модернизациялоо, коопсуздук өтмөктөр жана тротуарларды салууга көмөктөшүү, заманбап инфраструктураны жогорулатуу.
Көрктөндүрүү жана коопсуздук
Байкоочу камералардын болуусу коопсуздук аймак долбоору. Таза жана каралган аймака – тартиптке жана коопсуздукка күрөө. Аймактарды жашылдандыруу.
Билим жана балдар
Бала-бакчалардын жана мектептердин жеткиликтүүсү, ысык тамак, замамбап китептер, техникалык камсыздоо. Коопсуз видео байкоосу менен мектептер жана зомбулук боюнча профилактика. Таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо жана грант аркылуу колдоо.
Аялдар жана социалдык колдоо
Улгайган, көп балалуу жана жалгыз бой энелерди колдоо, аз пайыз менен женилдетилген насыя карап чыгуу. Кичи бизнеске, финансылык сабаттуулукка окутуу.
Маданият жана коомдук өнүгүү
Китепканаларга, театрларга, музейлерге, өнөр борборлоруна көмөк көрсөтүү.