Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине талапкер Чомоев Бакыт Муратович

Лозунг
«Жаш келсе — ишке!» — Жаштыктын энергиясы — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү!

Киришүү
Мен, Чомоев Бакыт Муратович, жаш муундун өкүлү катары өлкөбүздүн келечегине маанилүү салым кошууга умтулам. Менин кесиптик тажрыйбам жана жарандык активдүүлүгүм коомдун, экономиканын жана социалдык турмуштун негизги тармактарын өнүктүрүүгө натыйжалуу иштөөгө мүмкүндүк берет.

Менин программамдагы негизги багыттар:

  1. Билим берүү жана жаштар саясатын өнүктүрүү
  • Жаш адистердин кесиптик даярдыгын жана квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтүү.
  • Жаштардын коомдук-саясий турмушта активдүү катышуусуна шарт түзүү.
  • Билим берүү инфраструктурасын, анын ичинде санариптик инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу сапаттуу ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
  1. Транспорт жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү
  • Жолдук тармакты жана коомдук транспортту заманбап технологиялар менен коопсуздук стандарттарына шайкеш модернизациялоо.
  • Аймактарда социалдык жана маданий объекттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
  • Шаарларда жана айыл жергесиндеги турмуш жана иш шарттарын жакшыртуу.
  1. Экономиканы өнүктүрүү жана сапаттуу жумуш орундарын түзүү
  • Орто жана чакан бизнести, өзгөчө жаштардын демилгелерин колдоо.
  • Улуттук жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу инвестициялык климат түзүү.
  • Эмгек рыногун кеңейтүү үчүн жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык ишкердик программаларын өнүктүрүү.

Мен парламентте жарандарыбыздын, өзгөчө жаштардын, ар тармактардагы кесиптештердин кызыкчылыктарынын үнү болом. Мамлекеттик органдары жана жарандык коом менен ачык жана натыйжалуу иштөөнү бекемдейм. Өлкөбүздүн, жеке округдун узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга умтулам.

Менин талапкерлигимди колдоо менен, Кыргызстанды күчтүү, адилеттуу жана заманбап мамлекет катары курууга биргеликте кадам таштайлы. Биз бардык максаттарды чогуу ишке ашырабыз!