Ураан: Өз ара ишеним - чыныгы натыйжалар үчүн

КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

- Бизнес, мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу тармагындагы чоң тажрыйбама таянып, өзүмдүн кесипкөйлүгүмдү жана компетенттүүлүгүмдү мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүүгө багыттагым келет. Менин максатым — ар бир жаран өзүнүн баалуулугун жана корголгонун сезген, ресурстар адилеттүү бөлүштүрүлгөн, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу аянтчаны түзүү.

- Экономика менен социалдык саясат — бул бир бүтүн. Бирөөсүз экинчиси болбойт. Менин максатым — учурдагы маселелерди чечүү менен чектелбестен, келечектеги өнүгүү үчүн бекем пайдубал түзүү.

- Экономикалык өсүү менен социалдык адилеттүүлүктүн ортосундагы тең салмакты камсыз кылуучу мыйзамдар топтомун иштеп чыгуу. Экономика менен социалдык саясат — бул медалдын эки тарабы. Күчтүү экономика элге кызмат кылышы керек. –

- Социалдык ишкердик жөнүндө мыйзамды кабыл алуу, аялдар жана жаштар ишкердигин өнүктүрүү программаларын мыйзамдык жактан бекитүү, анын ичинде гранттар, стартап-фонддор жана билим берүү демилгелери. –

- Чечимдер элге жакыныраак деңгээлде кабыл алынып, ресурстар аймактарда калышы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун күчөтүү.

- Салыктык жеңилдиктерди, микрофинансылоону жана ишкерлер үчүн консультациялык колдоону камтыган чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө мыйзамды кабыл алуу.