Мен, Сариев Улан Алмасбекович, 1988-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында төрөлгөм. Улутум — кыргыз. Бишкек шаарында жашайм. Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.
2012-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин «Тармак жана байланыш системалары» адистиги боюнча (Маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар факультети) аяктагам. Жогорку кесиптик билимге ээ болдум.
Эмгек жолумду жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүмдү борбор калаанын коомдук турмушуна активдүү катышуудан баштагам. 2021–2023-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштегем. Бул мезгилде шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, райондорду көрктөндүрүү, билим берүү тармагын колдоо жана социалдык маселелерди чечүү багытындагы демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышкам. Туруктуу комиссияларда, анын ичинде турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана социалдык саясат маселелери боюнча комиссияларда иштегем.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигимди койгом. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мен коомдогу социалдык адилеттүүлүк, саламаттык сактоо жана билим алуунун жеткиликтүүлүгү, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу маселелерин көтөргөм.
Кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билем. Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына ээмин.
Жаран жана коомдук ишмер катары ар дайым коомго пайдалуу болууга аракет кылам. Шаардын жана өлкөнүн турмушуна жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана активдүү катышуу аркылуу олуттуу жыйынтыктарга жетсе болоруна ишенем. Өз ишмердүүлүгүмдө мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптерин карманам.