УСЕИНОВА НУРГУЛЬ ЭМИЛЬКАНОВНА
Туулган датасы:1982-жылдын 17-декабрында Чүй облусунунда төрөлгөн.
Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Жогорку юридикалык билимим бар, алган билимдерим жана укуктук компетенцияларым ага кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө ийгиликтүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк берди.
Эмгек жолу:
- 2002–2004-жж. — «Опадко» ЖЧКсында юридикалык кеңешчи.
- 2004–2005-жж. — «Акмаль» ЖЧКсынын башкы директору.
- 2005–2007-жж. — «Трип Лайн ЛТД Ко» компаниясында юрист.
- 2008–2023-жж. — нотариус.
- 2017-2023 жж.- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе (Манас) айылдык кеңешинин депутаты.
Коомдук ишмердүүлүк: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине активдүү катышып, айылдык кеңештин депутаттары менен кызматташып, калкка юридикалык жардам көрсөтүп келген. Жарандардын, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, укуктук агартуу жана жер-жерлерде социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.
Мамлекеттик мыйзамдарды терең билген, жоопкерчиликтүү жана кесипкөйлүгү жогору адис.