АЛИЕВ МЕДЕРБЕК КУБАНЫЧЕВИЧ
Мен, Алиев Медербек Кубанычевич, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1986-жылдын 29-октябрында туулгам.
2005-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү аяктагам.
Эмгек жолумду 2007-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы “Street law” юридикалык клиникасында, мектептеги жана медреседеги укук боюнча ыктыярчы-окутуучу болуп баштап 2009-жылга чейин эмгектенгенмин.
2010-2011-жылдары Бишкек шаардык жана Чүй облустук адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы болуп иштегенмин.
2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенгенмин.
2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү мамлекеттик агенттигинде Инвесторлорду колдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп иштегенмин.
2019-2020-жылдары Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору болуп иштегем.
2020-2020-жылдары Бишкек шаарынын мериясынын алдындагы Экономика жана инвестициялар департаментинин директору кызмат ордунда эмгектендим.
Мындан тышкары, 2018-2021-жылдары “Ата-Түрк Ала-Тоо” эл аралык университетинин юридикалык факультетинде сырттан окутуучусу болуп эмгектенип келгенмин.
2021-жылы “Ишением” саясий пратиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаты болуп шайланганмын.
2022-жылдын 13-январынан баштап 2022-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитетинин төрага кызмат ордунда эмгектенип келгем.
Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперттик аналитикалык борборунун 2017-жылдагы маалыматына ылайык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 60 жаш лидерлеринин тизмесинин катарына киргизилгенмин.
2022-жылы КМШ алкагындагы маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон салымым үчүн КМШ ИААнын жана Мамлекеттер аралык “МИР” телерадиокомпаниясынын “Древо дружбы” күмүш медалы ыйгарылды.