Жогорку Кеңешке талапкер — Осмонов Мирбек Лисбекович
Шаар: Бишкек
КИРИШ СӨЗ
Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү ар бир жарандын укугун, эмгегин жана турмушун коргоодон башталат. Менин максатым — элдин үнүн угуп, алардын көйгөйлөрүн мыйзамдуу жана системдүү түрдө чечүү. Ар бир үй-бүлөнүн коопсуз, татыктуу жана туруктуу жашоосу үчүн кызмат кылуу — бул менин башкы милдетим.
НЕГИЗГИ БАГЫТТАР
1. Жер маселеси жана менчик укугу
- Ак-Ордо-3, Ата-Журт, Тынчтык жана Кудайберген конуштарындагы айыл чарба багытындагы үлүш жерлер боюнча берилген пай үлүш китептерди жокко чыгаруу.
• Жер камагын толук тазалоо жана учурдагы соттук камактарды мыйзам чегинде чечүү.
• Жер ээлеринин укугун коргоо жана ар бир үй-бүлөгө “кызыл китеп” алып берүү.
• Жер мунапысынын алкагында документтери бүткөрүлбөй калган миңдеген жарандарга көмөк көрсөтүү.
2. Инфраструктура жана жашоо сапаты
- Газ жана канализация маселесин толук чечүү. Ар бир жаңы конушта инженердик инфраструктураны толук ишке ашыруу.
• Ак-Ордо-3 конушундагы Э. Иманалиев көчөсүн кеңейтүү. Азыркы учурдагы тар жолдордон улам келип чыккан кырсыктарды азайтуу үчүн жол курулушун кеңейтүү жана коопсуздукту жогорулатуу.
3. Социалдык колдоо жана жөлөк пул
- Жөлөк пул алуу процессин жөнөкөйлөтүү.
• Бардык документтерди “бир терезе” принциби аркылуу бир жерден алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
• Муктаж үй-бүлөлөргө социалдык колдоону ыкчам жана ачык берүү системасын киргизүү.
4. Коопсуздук жана мыйзамдуулук
- Уурулукка каршы катуу чаралар көрүү. Акча жана алтын уурдагандарга 10 жылдан кем эмес жаза колдонуу.
• Майда уурулуктар боюнча учурдагы мыйзамды өзгөртпөстөн калтыруу, бирок коомдук тартипти күчөтүү.
5. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
- Тигүү цехтеринде иштеген айымдарга колдоо көрсөтүү. Эмгек китепчесин жеңилдетилген электрондук форматта жүргүзүү.
• Жергиликтүү адистерди жумушка тартуу жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн азайтуу.
• Иш орундарын түзүү жана жаштардын жеке демилгелерин колдоо үчүн “Элдин үнү — жаштар фонду”н түзүү.
6. Билим берүү жана санариптик өнүгүү
- Мектептердин окуу программасына жасалма интеллект жана программалоо сабактарын киргизүү.
• Жаштардын IT тармагындагы билимине инвестиция салуу жана санариптик билим берүү борборлорун ачуу.
ЖЫЙЫНТЫК
Элдин ишеними — эң чоң жоопкерчилик. Менин программамдын ар бир пункту элдин жашоосун жакшыртуу, адилеттүүлүктү орнотуу жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган. Биргеликте — таза, өнүккөн жана калыс Кыргызстанды кура алабыз!