ТОЛОНБАЕВ ТААЛАЙБЕК
Мен, Төлөнбаев Таалайбек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Тонду айылында токой кызматкеринин үй-бөлүсүндө 1968-жылы жарык дүйнөгө келгенмин. 1975-жылы алгач ирет И. В. Мичурин атындагы орто мектебине кадам таштап 1985-жылы ийгиликтүү аяктадым. Мектеп кезинен тарта илимге билимге жана коомдук иштерге кызыгуум күч болуп, 3-8-класстарымда класском болуп, мектептин иш чараларына активдүү катышып келдим. Мектеп учурунда көптөгөн олимпиадаларга катышып жүрдүм.
1985-жылы Кыргыз Айыл-чарба институтунун "айыл чарбаны механизациялоо" факультетинин тапшырып, 1993-жылы аталган институтту толук бүтүрүп,"инженер-механик" адистигине ээ болдум.
1987-1989-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөдүм.
2000-2003-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин "Менедмент жана бизнес" факультетинин "финансы жана кредит" адисин кызыл диплом менен аяктаганмын.
2005-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин "Менедмент жана бизнес" факультетинде Окумуштуулар кенешинде мүчө болгонмун.
2004-2007-жылдары Ош технологиялык университетинин "Электрификация" факультетин аяктаганмын.
Азыркы убакта Эл аралык Инновациялык Технология университетинде докторант.
Ондон ашык монография, жыйырмадан ашык илимий макалалардын авторумун.
Жогорку Кеңештин ардак грамотасын менен сыйландым.
Көп жылдар бери ишкерлик менен алектенип келе жатамын. Беш жылдан бери чыгармачылык менен алектенип, үч жүздөн ашык ырларды жаздым. Кырктан ашык обондордун авторумун. Азыркы учурда "Биз, келечек үчүн" эл аралык коомдук бирисмеде төраганын орун басары болуп эмгектенүүдөмүн.