ЭГЕМБЕРДИЕВ АБДЫЛДАБЕК ЖОЛДОШАЛИЕВИЧ
Мен, Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич, 1992-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунда төрөлгөм. Улутум — кыргыз. Учурда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айыл аймагында жашайм. Билимим жогорку, адистигим — «Юриспруденция». Аскердик наамым — лейтенант.
1998–2002-жылдары Ош шаарындагы жана Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы жалпы билим берүү мектептеринде окугам. 2003–2009-жылдары Улуттук компьютердик гимназия №5те билим алдым. 2009–2015-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку билим алдым. 2019–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында билим алып, окууну аяктаганда «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистр квалификациясына ээ болдум.
Эмгек ишмердүүлүгүмдү 2016-жылы адвокат Омуралиев Б.Ч. нин жардамчысы болуп баштагам. 2018–2019-жылдары мамлекеттик ишкана «Инфоком» дун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси болуп иштедим. 2019–2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо департаментинде адистин жана андан соң жетектөөчү адистин милдетин аткаруучу болуп эмгектендим.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин жардамчысы болуп иштедим. 2020–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында кызмат өтөп, Башкы прокурордун жардамчысы, Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү жана Аскер прокуратурасынын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү кызматтарын аркаладым. 2023-жылдын декабрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин коомдук кайрымдуулук фонду «Асан бий уулу Алымбек датка» нын президенти болуп иштеп келем.
Коомдук-саясий ишмердүүлүк жана сыйлыктар: 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоого «Мекенчил» саясий артиясынан талапкер катары катышкам.
2023-жылы төмөнкү сыйлыктар менен сыйлангам:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын «Кызматташтык үчүн» медалы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын «Кайрат» I даражадагы медалы.