АЛЫМБЕКОВ МАКСАТ ДЖУМАКАДЫРОВИЧ
Мен, Алымбеков Максат Джумакадырович, 1984-жылы 5-июнда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эмгекчил үй-бүлөдө төрөлгөм. Бир тууган агам жана карындашым бар. 2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктадым.
Жогорку билимди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен «Юриспруденция» адистиги боюнча алдым. Ошондой эле Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинен «Каржылык менеджмент» багыты боюнча экинчи жогорку билимге ээ болдум.
Эмгек жолумду 2005-жылы жеке адвокаттык кеңседе адвокаттын жардамчысы катары баштап, ал жерде 2008-жылга чейин эмгектенгем.
2008–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде иштедим. Бул мезгил аралыгында адистен баштап, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлдүм.
2011–2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында эмгектендим: V жана VI чакырылыштагы депутаттардын жардамчысы жана кеңешчиси, ошондой эле Аппараттагы секретариаттын сектор башчысы болуп иштедим.
2017-жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында эмгектенип келем. 2017–2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин Аппаратынын жетекчиси болуп иштедим.
2021-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты - «Ынтымак» фракциясынын лидери кызмат ордун ээлейм.
Мен жана менин жакын туугандарым кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Учурда мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчисимин.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасымын.
Сергек жашоо образын алып барам, бош убактымда спорт менен машыгам (футбол, сууда сүзүү), ошондой эле чет тилдерди үйрөнөм, көркөм адабият окуйм.