ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ
1. Элдин үнүн угуу — башкы милдетим
Менин эң чоң убадам — элдин үнүн угуу жана ошол үн парламентте угулушуна жетишүү. Мыйзамдар кабинетте эмес, эл менен бирге түзүлүшү керек. Ар бир жарандын ою, ар бир айылдын көйгөйү — мамлекеттик чечимдерде өз ордун табат.
2. Улуттук нарк, тил жана маданият — улуттун жүзү
Кыргыз элинин нарктуулугун, каада-салтын жана кыргыз тилинин баркын көтөрүү — менин ишимдин негизги багыты болот. Улуттук маданият менен нарк-насилди сактоого, жаш муундун улуттук аң-сезимин чыңдоого өбөлгө түзгөн мамлекеттик программаларды мыйзам деңгээлине чыгарам.
3. Руханий баалуулуктар жана таза дин — коомдун тиреги
Ата-бабалар тутунуп келген салттуу ислам баалуулуктарын сактап, элди биримдикке чакырган, илимге жана адеп-ахлакка негизделген диний билим берүүнү өнүктүрүү боюнча мыйзамдык шарттарды түзүү — ар бир жарандын руханий коопсуздугу үчүн маанилүү милдет.
4. Инвестиция жана ишкерликке жол ачуу
Мамлекетти көтөрө турган күч — экономика. Ишкерлер үчүн мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү, бюрократияны азайтуу жана таза инвестиция тартууга шарт түзүү — жаңы жумуш орундарын түзүп, элдин жашоосун жакшыртат.
5. Жаштарга жана балдарга шарт — келечекке инвестиция
Жаштардын билими, иши жана ишеними — мамлекеттин эртеңи. Ар бир бала сапаттуу билимге жетсин, ар бир жаш өз жеринде иштеп, өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун. Жаңы билим, IT, айыл чарба жана чакан бизнес тармагында жаштарга колдоо көрсөтүү — менин артыкчылыгым.
6. Балдарга жана аялдарга карата зомбулукка — катуу чара
Элдин коопсуздугу — мамлекеттин намысы. Жашы жете электерге, аялдарга жана алсыз адамдарга карата жасалган мыкаачылык жана зомбулук фактылары үчүн жаза чараларын катуулатуу, анын ичинде айрым учурларда өлүм жазасын кароо — коомдук адилеттүүлүктүн талабы.
7. Эл менен дайыма байланыш жана отчет берүү
Депутат элден жогору турбашы керек — эл менен бирге болушу керек. Мен ар үч ай сайын шайлоочулар менен жолугуп, жасалган иштер боюнча элге отчет берүүнү милдетим деп эсептейм. Эл менен кеңешип чечим кабыл алуу — адилет башкаруунун белгиси.