АЛЫБАЕВА ЖАҢЫЛ ИШЕНБЕКОВНА

Мен, Алыбаева Жаныл Ишенбековна, 1980-жылы Чүй облусунун Кант районундагы Кыргызстан айылында туулган, кыргызмын, билимим жогорку, үй-бүлөлүү.

1986-жылы Кенес-Анархай орто мектебине биринчи класска баргам. 1997-жылы Бишкек шаарындагы 66-орто мектепти аяктагам. Ошол эле жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетке тапшыргам,  2002-жылы "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигин аяктап, "Менеджер" квалификациясы берилген.

Эмгек жолум 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде катчы-жетекчи, андан ары жетектөөчү, башкы адис, бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы болуп иштөөдөн баштагам.

Эки жолу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болгон (2018-2021 жана 2021-2024). 2024-жылдын сентябрынан азыркы күнгө чейин К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинде улук окутуучу болуп эмгектенип келем.

Жолдошум, Жолдошов Бегалы Болотович, 1977-жылы туулган, жеке ишкер. Уулум, Болотов Бекмырза Бегалыевич, 2017-жылы туулган, "Билимкана" жеке мектебинде 3-класста окуйт, кызым, Болотова Алия Бегалыевна, 2020-жылы туулган, "Тумар Аламүдүн" муниципалдык бала бакчасына барат.

Апам, Кукенова Бермет, 1953-жылы туулган, пенсионер, эжем, Алыбаева Асель Ишенбековна, 1978-жылы туулган, бала кезинен II топтогу майыптыгы бар адам, кичүү эжем, Алыбаева Замира Ишенбековна, 1982-жылы туулган "Акнет" компаниясында иштейт.

Китеп окуганды, музыка укканды, кызыктуу тасмаларды көргөндү жакшы көрөм. Абдан жоопкерчиликтүү, тартиптүү, аткаруучу жана максатты көздөгөн адаммын.