НАМАЗАЛИЕВ АЛТЫНБЕК АБДИСАЛАМОВИЧ
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович
Мамлекеттик кызматкер, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси. 1981-жылдын 17-майында Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган.
Билими:
Эки жогорку билими бар. Биринчиси — юридикалык билим, артыкчылык диплом менен аяктаган. Экинчиси — мамлекеттик башкаруу жана экономиканын туруктуу өнүгүүсү багытында. Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин, факультет жетекчилигинин сунушу менен Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине окутуучу болуп дайындалган.
Мамлекеттик башкаруу жана туруктуу өнүгүү багытында магистр. Илимий ишмердүүлүккө басым жасап, «Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүүсү жашыл экономика контекстинде» деген темада магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Кесиптик ишмердүүлүгү (2003–2025):
- 2003–2006-жылдары — Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде окутуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспиранты.
- 2005–2017-жылдары — укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн: райондук прокурордун жардамчысынан тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун прокуратурасынын борбордук аппаратындагы жетекчилик кызматтарга чейин. Кызмат учурунда кылмыштарды иликтөө жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзгөн.
- 2018–2021-жылдары — мамлекеттик башкаруу системасында иштеген: Аламүдүн районунун акими, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор).
- 2021-жылдан бери — жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле бизнеске комплекстүү юридикалык коштоо көрсөтүүчү ири юридикалык компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси.
Коомдук ишмердүүлүк:
Жарандардын укуктарын коргоого, укуктук маданиятты жогорулатууга, туруктуу өнүгүүгө жана жашыл экономиканын принциптерин региондордо илгерилетүүгө багытталган укук коргоо жана агартуу ишмердүүлүгү менен активдүү алектенет.
Сыйлыктары жана наамдары:
Кызматтагы жана ишмердүүлүктөгү жылдар ичинде мамлекеттик жана ведомстволук органдар тарабынан ардак грамоталар жана медалдар менен бир нече жолу сыйланган. Бул анын кесипкөйлүгүн жана коомдук таанылышын тастыктайт.
Кыргыз жана орус тилдерин эркин билет, заманбап компьютердик программалар менен иштөө жөндөмүнө ээ. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Мыйзамды терең билген, башкаруу тажрыйбасы бай жана коомго ак ниет менен кызмат кылууга умтулган инсан катары, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана өлкөнү өнүктүрүү максатында мыйзам чыгаруу органдарында натыйжалуу иштөөгө даярмын деп эсептейм.