АБДЫГУЛОВА АСЕЛЬ МИСИРОВНА

       Абдыгулова Асель Мисировна, 1975-жылдын 16-декабрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек), Кыргыз ССРинде төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын жараны, улуту кыргыз.

 

Билими.

 

         1993-жылы №50 орто мектепти алтын медаль менен аяктаган;

         1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин «Жарандык-укуктук ишмердүүлүк» адистиги боюнча бүтүруучу;

         Кошумча түрдө информатика боюнча билим алган, ПЭВМ оператору квалификациясына ээ болгон, немис тилин билет;

         2003-жылы ошол эле университеттин экономика факультетин «Каржы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган.

 

Эмгек жолу.

 

       1993–2002-жж.  каратэ боюнча машыктыруучу;

       2002–2019-жж. Москва шаарынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамчысы;

      2016-жылдан  «Московия» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү;

      2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти.

 

Спорттук жетишкендиктер.

 

       -Кыргыз Республикасынын эки жолку каратэ чемпиону;

       -Россия Федерациясынын ачык биринчилигинин жеңүүчүсү;

       -Каратэ боюнча эки дүйнө чемпионатына катышкан;

 

Үй-бүлөлүк абалы.

 

    -Турмушка чыккан;

    -Жолдошу  Абдыгулов Руслан Аныльбекович;

    -Үч баланын энеси: Закиралы, Асан жана Дастан.

 

Жеке сапаттары.

 

         Максатка умтулуу, жоопкерчилик, байланыш түзүү жана уюштуруучулук жөндөм, лидерлик сапаттар, жамаатта иштөө жөндөмдүүлүгү жана жогорку коомдук активдүүлүк.