ИБРАИМОВА МАЛИКА БАГДАТОВНА
Мен Ибраимова Малика Багдатовна, 1986 -жылы 27-теке айында Бишкек шаарында инженердин үй-бүлөсүндө туулгам. Мен 1993-жылы №64 мектеп-гимназиясына биринчи класска кирип, 2003-жылы аяктадым. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык Университетинин «экономикадагы колдонмо информатика» адиси боюнча окууга тапшыргам. Аны 2008-жылы ийгиликтүү аяктап экономист-информатик квалификациясына ээ болдум.
Эмгек жолум:
- 2009 – 2013-жылы ОАО «ФинансКредитБанкы» насия адиси
- 2013 – 2016-жылы ОАО «ФинансКредитБанкы» жетектөөчү насия адиси
- 2016-2017-жылы «Чүйгаз» тармагында инженер
- 2017-2020-жылы «Бишкекгаз» тармагынын коммерциялык эсеп бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
- 2020-жылдан азыркы учурга чейин «Бишкекгаз» тармагынын коммерциялык эсеп бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
2015-жылы ОО «Палата бухгалтеров и Аудиторов КР» квалификацияны жогорулатуу максатында «бухгалтердик эсепке алуунун негиздери» жана «каржылык эсепке алуу»» курсун окудум.
ОАО«ФинансКредитБанктан» ардак грамота,
ОсОО «Газпром Кыргызстандан» «Ыраазычылык» барагы.
Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын энесимин.
Жолдошум: Мырсаканов Айбек Замирбекович 1982- жылы туулган.
Балдарым: Замирбекова Сауле 2006 - жылы туулган, студент.
Замирбекова Алия 2008 - жылы туулган, колледждин студенти.
Замирбеков Нуртегин 2020-жылы туулган №172 «Арген» бала бакчасында тарбияланат.