АТАМБАЕВ СЕИДБЕК АЛМАЗБЕКОВИЧ
Сеидбек Алмазбекович Атамбаев 1976-жылдын 2-июлунда Москва шаарында төрөлгөн — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышынын депутаты (2021-жылдан бери). 2022-жылдын декабрынан тартып Жогорку Кенештин VII чакырылышынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү. 1991–1995-жылдары Бишкек архитектура-курулуш техникумунда билим алып, «техник технолог» адистигин алган. 1996–1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде окуп, «инженер- куруучу» адистигин алган. 2006–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында «Бизнес башкаруу» адистиги боюнча билим алган.