ТООТАЕВ УЛУКМЫРЗА АБДИЛАШИМОВИЧ

Мен, Тоотаев Улукмырза Абдилашимович, 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келгем.

Үй-бүлөдө уулдардын эң улуусумун.

Жеке сапаттарымдын арасында чечкиндүүлүк, жоопкерчилик, чынчылдык, боорукерлик, берешендик, сарамжалдуулук, тартиптүүлүк жана адамдар менен жакшы байланыш түзүү жөндөмүм өзгөчөлөнөт.

2017-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктадым.

Ошол эле жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин жеке ишкерлик менен алектенем.

2020-жылдары алгачкы расмий саясий кадамдарымды таштадым.

Учурда Бишкек шаарында ата-энем жана бир туугандарым менен чогуу жашайм.

Үй-бүлөлүк абалым — үйлөнгөм, бир уулдун атасымын.

Менин эң чоң кыялым жана максатым — Мекеним Кыргызстанга жана элиме мамлекетти…