АЙДАРБЕКОВ ЧИНГИЗ АЗАМАТОВИЧ

Айдарбеков Чингиз Азаматович

1977-жылы 27-октябрьда Бишкек шаарында туулган

 

Билими: жогорку

1998-ж. - Кыргызстан Эл аралык Университети, “Эл аралык мамилелер” адистиги

2001-ж. - Кыргызстан Эл аралык Университети, “Юриспруденция” адистигинин магистри

2017-ж. – Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, аспирантура

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1998-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КМШ Башкы дирекциясы, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы;

2005-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилиги, биринчи катчы; Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин Көп тараптуу кызматташуу департаменти, башчы;

2008–2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги, кеңешчи;

01.2011-04.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, эксперт;

04.2011-12.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, жетекчинин орун басары;

2012–2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмү, башчы;

04.2016-10.2018-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

2018-жылдын 17-октябры – 2020-жылдын 14-октябры - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

 

2021-жылы декабрь айы - "Альянс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2022-жылы февраль айы - ТӨМдөрдү ишке ашыруу боюнча Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун төрагасы (30 депутат)

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы;

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү.

 

Үй бүлөлүк абалы: үй бүлөлүү, төрт баланын атасы