№ 21-көп мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына
талапкер Ж.Э. Садырбаеванын шайлоо алдындагы
Программасы:
Ар бир адам өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра ала турган, мамлекет жарандардын чыныгы өнөктөшү болуп, ар бир үй-бүлөгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылган адилеттүү, коопсуз жана социалдык багыттагы мамлекеттин курулушуна көмөк көрсөтүү.
Менин ниеттеримди ишке ашыруу үчүн ар бир жаранды татыктуу жашоо, туруктуу социалдык кепилдиктер жана натыйжалуу колдоо чаралары менен камсыз кылган адилеттүү система керек, анын ичинде:
- калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана жарандардын социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алуу;
- энелердин жана балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган аялдарга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эрте аныктоо жана татаалдашууну алдын алуу;
- өзгөчө муктаждыктары бар балдарга өз убагында жардам көрсөтүү, реабилитациялоо жана окутуу боюнча мамлекеттик борборлорду түзүүнү караган аутизм спектринин бузулушунун (АСБ) алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелөө;
- ABA терапиясы, инклюзивдик жана атайын билим берүү тармагында адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- майыптыкты таануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өзгөчө муктаждыктары бар жарандарды социалдык жактан колдоонун сапатын жогорулатуу максатында медициналык-социалдык экспертиза системасын (МСЭК) реформалоону баштоо;
- аймактардын тургундарын таза суу, ишенимдүү газ жана электр энергиясы менен камсыздоодо, ошондой эле калктын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү ыңгайлуу инфраструктураны өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү;
- жаш адистерди жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган демилгелерди алдыга жылдыруу, анын ичинде турак жай субсидияларын жана жеткиликтүү жеңилдетилген насыяларды берүү.