Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

  1. Балдардын коопсуздугу- шаарга мектеп автобустарын сатып алуу учун каражат болунот (1-6 класстын окуучулары учун).
  2. Сталкинг жонундо мыйзам- аялдар менен балдарды коргоо. Сталкингге балдарды жана аялдарды тынымсыз куугунтуктоо аракеттерине кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Башкача айтканда, аялдарга жана балдарга карата тынымсыз куугунтуктоо, андып журуу жана тынчын алуу учун жоопкерчилик каралат. Бул - коркутуунун бир туру, ал андып журуу, тынымсыз чалуулар же билдируулор, каалабаган белектер жана башка турдогу коркутуулар аркылуу, реалдуу жашоодо да, интернетте да корунушу мумкун.
  3. Алгачкы тамак-аштардын баалары томондотулот (ун, суу май, туз, шекер, жб) – бул товарларды импорттоодо бир катар толомдордон жана салыктардан бошотуу жонундо мыйзам кабыл алынат. Ондуруучулор учун салыктык женилдиктер жана преференциялар берилет.
  4. Мэрди туздон туз шайлоо- Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюча мыйзам. Мэр шаар тургундардын алдында жооптуу болууга зарыл.
  5. Парктар жана скверлер жонундо мыйзам- шаар тургундарынын омуруно жана ден-соолугуна коркунуч жаратканы учун коп миллиондук айыптар жана кылмыш жоопкерчилиги каралган. Смогго каршы куроштогу чечимдердин бири.
  6. Жулуулук беруу мезгилинде газга субсидия беруужонундо мыйзам. Жылуулук беруу учун колдонулуучу газдын тарифи 6 сомго чейин томондотулот, тарифтин калган болугун “Газпром” компаниясы тологон салыктар жана жыйымдардын эсебинен субсидиялоо каралган. Бул шаардагы смог денгээлин томондотууго жардам берет. Шаар тургундары учун меш менен комур жагуудан газ менен жылытууга отуу пайдалуу жана ынгайлуу болот.