КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Урматтуу Кыргызстандын жарандары! ЖКе талапкерлигимди коюп жатам, себеби менин максатым – элдин кызыкчылыгын коргоо жана системаны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө жетүү. Менин программам – бул тармактык өнөржай саясатын, смог менен күрөшүү үчүн аэродинамикалык нормаларды жана жашылдандырууну камсыздоону, электр энергиясын эсепке алууну реформалоону, мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуулардагы комплекстүү өзгөртүүлөрдү камтыган даяр мыйзам долбоорлору.
Мен ресурстар кайсы жерде жоголорун так билем жана аларды эл үчүн, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштетүүнүн жолун да билем