Чомоева Нургул Жаныбековна — өзүн-өзү көрсөтүүчү

 

  1. Экономика жана жумуш орундар.

Ишкерликти өнүктүрүү, салыктык жүктү азайтуу, аял ишкерлерге жеңил насыя жана окутуу программалары. Тигүү жана тейлөө тармагында жаңы жумуш орундарын түзүү.

 

  1. Кесиптик билим берүү жана жаштар.

Колледждерде окутуу борборлорун өнүктүрүү. Тигүү, бухгалтерия, логистика жана IT боюнча кыска курстарга ваучердик колдоо.

 

  1. Аялдар жана үй-бүлөлөрдү колдоо.

Энелер үчүн чакан гранттар жана өзүн-өзү ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү. Ишкана жанындагы мини-бакчаларды ачуу.

 

  1. Социалдык тармак.

Аймактагы мектептерди, бала бакчаларды жана медпункттарды оңдоо жана жабдуу. Интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

 

  1. Инфраструктура жана жашоо чөйрөсү.

Көчөлөрдү жарыктандыруу, коопсуз өтмөктөрдү орнотуу, таза суу жана таза короолорду камсыз кылуу. Таштандыларды бөлүп чогултуу системасын киргизүү.

 

  1. Ачык жана жоопкерчиликтүү бийлик.

Жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алуу, депутаттын отчетторун ачык жарыялоо, калктын катышуусу менен долбоорлорду тандоо.

 

Максат: Кыргызстандын жарандары үчүн татыктуу жашоо, билим жана иш мүмкүнчүлүктөрүн түзүү — таза, ачык жана өнүгүүгө багытталган башкаруу аркылуу.