КОЖОКУЛОВА ГУЛЯ АКМАТКУЛОВНА

Фамилиясы: Кожокулова

Аты: Гуля

Атасынын аты: Акматкуловна

 

 

 

Туулган датасы: 13.04.1965 - жыл

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Депутат.

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Г.А. Кожокулова
1965-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Улуту — кыргыз. Билими жогорку, “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы КМУнун юридикалык факультетинин «Правоведение» адистигин аяктаган.

1987-2021– жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда иштеген —Ленин районунун прокуратурасында стажердон баштап, андан соң район прокурорунун улук жардамчысы, Бишкек шаарынын прокуратурасында – шаар прокурорунун улук жардамчысы,  экономикалык кылмыштар жана коррупция боюнча тергөөнү көзөмөлдөө жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында - бөлүм башчысы; Бишкек шаарынын прокурорунун биринчи орун басары; Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору болуп иштеген.

2021-жылдын декабрь айынан — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.

Лозунг:    Мен сиздин парламенттеги үнүңуз болом!

Сиздердин укугуңуздарды коргоо – менин милдетим!