АБСАЛИЕВ АХМАТАЛИ САДЫРБЕКОВИЧ

амилиясы:      АБСАЛИЕВ

Аты:                АХМАТАЛИ

Атасынын аты:       САДЫРБЕКОВИЧ

Туулган датасы:     23.04.1981

Иштеген жери жана ээлеген кызматы:

1) АОЗТ «МС ЭЛЗ» завод: (5 жыл 7 ай): - 12/2000-жылдан 06/2006-жылга чейин – стажер бухгалтер, негизги каражаттардын жана салык эсеби боюнча бухгалтер; 2) ОсОО «Рамстор Кыргызстан» (3 жыл 8 ай): - 06/2006-жылдан 02/2010-жылга чейин – бухгалтер. 3) ЗАО «Бета Иншаат Ятырымжылык» (15 жыл 9 ай): - 03/2010-жылдан азыркы убакытка чейин – Башкы бухгалтер.

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): 1999-жылы коллежди (ЖАГУнун алдындагы МЭК) «мыкты» баа менен бүтүп, «бухгалтер» адистигине ээ болдум. 2015-жылы Эл аралык академияны (МАУПФиБ) аяктап, «экономист» адистиги боюнча жогорку билим алдым. Өлкөнүн коомдук жашоосуна активдүү катышканым үчүн бир катар мамлекеттик Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйлангам. 2022–2024-жылдары КР ЖК парламенттик фракциянын төрагасынын кеңешчиси болуп, коомдук башталгычта иштегем. Көп тармактуу жаатында 25 жылдык үзгүлтүксүз эмгек тажрыйбам жана стажым КР каржы-экономикалык жана нормативдик-укуктук тармактарында ишти жеңил аткарууга шарт түзөт. Бул тажрыйбам мага 19 жыл мурун эле КР нормативдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрүүгө мүмкүндүк берген, жана алар бүгүнкү күнгө чейин жемиштүү иштеп келет. Үйлөнгөм, төрт баланын атасымын. Үй-бүлөдө үч балабыз, менде улуу агам жана кичүү иним бар. Атам сантехник эле 48 жашында кайтыш болгон. Апам азыр пенсияда.

Лозунг: «Заманбап, адилеттүү жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн»