УЗАКОВА АИДА ОРОЗАЛИЕВНА
Мен, Узакова Аида Орозалиевна, 1981-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарында туулганмын. Кыргыз Республикасынын жараны, Улутум - кыргыз.
Эне тилим — кыргыз тили. Орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм.
- 1998-жылы №28 мектеп-гимназиясын аяктадым;
- 1998–2004-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Дарылоо иши» адистигинде окуганмын;
- 2004–2006-жылдары С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун ординатура бөлүмүндө «Акушер жана гинекология» адистиги боюнча окууну уланттым;
- 2006–2008-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ДИОЖБ бөлүмүндө башкы адис;
- 2008-жылдан бери – Эл аралык жогорку медицина мектеби – акушердик жана гинекология кафедрасында ассистент;
- 2008–2012-жылдары — Шаардык гинекологиялык ооруканада акушер-гинеколог;
- 2014–2024-жылдары — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборунда акушер-гинеколог;
- 2024-2025-жылдары - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда акушер-гинеколог;
- 2025-жылдан «Кыргыз-Америкалык Эл аралык төрөт үйү» акушер-гинеколог кызматтарын аркарып келем.
Квалификацияны жогорулатуу:
Бишкек, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында кесиптик чеберчиликти арттыруу боюнча бир катар курстарды жана тренингдерди өттүм, анын ичинде:
«Акушердик жана гинекологиядагы шашылыш жардам жана реанимация»,
«Гинекологиялык эндокринологиянын актуалдуу маселелери»,
«Жатын моюнчасы, жатын рагынын клиникасы жана диагностикасы»,
«Жардамчы репродуктивдик технологиялардын заманбап аспекттери»,
«Акушердик жана гинекологиядагы лапароскопиялык технологиялар»,
«Клиникалык генетика»,
«Жогорку мектеп педагогикасы»,
«Медициналык уюмдарды башкаруунун инновациялык ыкмалары»,
«Эндокриндик гинекология»,
«Эненин жана баланын өлүмүн азайтуу жолдору»
жана ДМ менен Стамбул протоколунун элементтери камтылган башка курстарды ийгиликтүү аяктап, ана жыйынтыгында бир канча сертификат жана дипломдорго ээ болдум.
Сыйлыктары:
- Эл аралык жогорку медицина мектебинин Ардак грамотасы;
-Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын «Эң мыкты дарыгер» диплому;
- «Most Fashionable Awards 2019» — «Доктор» номинациясы боюнча диплом;
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энесимин.
Кесиптик жана коомдук ишмердүүлүгүмдө адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана элге кызмат кылуу принциптерине таянам. Аялдар менен балдардын саламаттыгын сактоо, үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнү өзүмдүн негизги максатым деп эсептеймин.