ПРОГРАММА: Менин программам жаштарды колдоого, экономиканы өнүктүрүүгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган. IT тармагында жумуш орундарын түзүү, акысыз санарип кесиптер курстарын ачуу жана жаш ишкерлерди колдоо сунушталат.
Билим берүү жана медицинада — жаңы райондордо мектеп, бала бакча жана поликлиникалардын курулушун камсыздап, куруучуларды бул социалдык объекттерди долбоорлорго милдеттүү түрдө киргизүүгө багыттайм. Экологияда — абанын тазалыгын сактоо үчүн катуу көзөмөл жана мониторинг системасын киргизүү. Улуу муун үчүн — күндүзгү борборлорду, паллиативдик жардам бөлүмдөрүн ачуу жана социалдык программаларды кеңейтүү. Мыйзам чыгарууда — бийликтин жаңылануусу үчүн депутаттык мөөнөттү эки чакырылыш менен чектөө. Экономикада — Салык кодексин жарандар, ишкерлер жана компаниялар боюнча бөлүү, отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү жана жүктү азайтуу аркылуу бизнес өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Бишкек ш., 3-микрорайон, 3/2-үй, 26-батир

Тел.: +996 556 988-553

Почта: brand.andi@yahoo.com