ЧАЛОВ ИЛЬЯЗ АЛМАЗОВИЧ
Чалов Ильяз Алмазович 1989-жылдын 6-июнунда Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Улуту — кыргыз. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан.
2006-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейди бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КГУСТА) «Финансы жана кредит» адистиги боюнча тапшырып, студенттик жолун баштаган.
2008-жылы академиялык өргүү алган, андан кийин аталган факультет расмий түрдө жоюлган. Ошол эле жылы Кытай Эл Республикасына барып, 2008–2009-жылдары «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча билим алган.
2016–2021-жылдары Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктап, «Финансы жана кредит» багыты боюнча жогорку билим алган.
2009–2014-жылдары курулуш материалдарын сатуу тармагында иштеген.
2014-жылы асбест түтүктөрүн чыгаруучу жеке ишканасын негиздеген, ал эми 2017-жылы темир-бетон буюмдарын (ЖБИ) чыгарган заводду ишке киргизген. 2020-жылы форель багуучу чарбасын түзүп, аймактык өндүрүштү жана жумуш менен камсыз болууну өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлердин бири болгон.
Ильяз Чалов эки ирет Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган:
— 2021-жылы «Эмгек» партиясынан (28-чакырылыш, Ак-Босого жана Мураз-Ордо аймактары боюнча);
— 2024-жылы «Жаңы Күч» партиясынан (29-чакырылыш, ошол эле аймактар боюнча).
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.