Биринчи Май району үчүн Сиздин тандооңуз

Мен, Бишкек шаарынын тургуну, эки жогорку окуу жайды артыкчылык диплому (кызыл диплом) менен аяктаганмын. Бул – жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу үчүн бекем

негиз. Менин бай саясий тажрыйбам жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтагы  стажым – компетенттүүлүктүн кепилдиги.

 

Менин негизги артыкчылыгым: Мен бардык талапкерлердин арасынан көйгөйлөрдү жөн эле айтпастан, аларды ичинен билген жападан жалгыз талапкермин. Мен Биринчи Май райондук администрациясында стратегиялык багыттарды: турак-жай коммуналдык  чарбасын (ТКЧ), курулушту, транспортту жана инфраструктураны түздөн-түз тейлеп иштегенмин.

Мен биздин райондун бардык көйгөйлөрүн дыкат изилдеп чыктым жана эң негизгиси, аларды чечүүнүн конкреттүү, реалдуу жолдорун иштеп чыктым. Мени тандап, Сиз кесипкөйлүктү жана кырдаалды реалдуу билген адамды тандаган болосуз.

Лозунг:  “Келечекке жол”.

                                   ПРОГРАММА:

  1. КОНСТИТУЦИЯ ЖАНА МЫЙЗАМ.
  2. ДЕМОКРАТИЯ, СӨЗ ЭРКИНДИГИ, ОЙ ЭРКИНДИГИ
  3. ЖЕКЕ МЕНЧИКТИ ЖАНА БИЗНЕСТИ КОРГОО.

Дареги жана байланыш маалыматтары: Бишкек ш. Кирпичная коч. 15

Тел.: 0555666096

Почта:mavlyan508@gmail.com