Марлен Маматалиев - Биринчи май 2030
Таза аба. Жеке экономика. Мыкты үй-бүлөлөр. Заманбап билим берүү. Ачык парламент.
Мен сиздин парламенттеги кошунаңызмын, ураан-чакырык эмес, иштин адамымын.
Менин милдетим - өкмөттөн иштөөнү талап кылып, убадалардын аткарылышын камсыз кылуу.
Депутат өзү асфальт төшөп, мектеп курбашы керек. Алардын миссиясы – жолдордун өз убагында салынышы, мектептер, бала бакчалар керек болгон жерге курулуп, чечимдер ачык-айкын кабыл алынышы.
Биринчи Май району Бишкектин тарыхый борбору гана эмес, административдик реформадан кийин шаарга кошулган жаңы айылдарын да камтыйыт. Анда он миңдеген адамдар жолсуз, жарыксыз, суусуз, мектепсиз, бала бакчасыз жашап жатышат.
Менин максатым – райондун ар бир бурчунда жашагандар, шаардын борборундагыдай жайлуу жашоосун камсыз кылуу болуп саналат.
Менин башкы үч максатым
- Биринчи Май районунда жол тыгыны жок: жолго эң көп дегенде 20 мүнөт. Транспорттук долбоорлор бүткөрүлөт. Айланма жол, “жашыл жарык” долбоору киргизилет.
- Балдарга жана пенсионерлерге акысыз медициналык тейлөө көрсөткөн алкачкы район. 18 жашка чейинки балдар жана пенсионерлерге бекер дары-дармек.
- Жаштар керектүү кесипке бекер үйрөнүшөт. ITтен тартып кол өнөрчүлүккө чейин билим алып, кепилденген практикадан өтө алат.
Биринчи Май району боюнча менин жети милдетим
- Таза аба. Айлана-чөйрөнүн коомдук мониторинги.Онлайн көзөмөл. Абанын сапатын текшерген датчиктер. Таштанды таштоочу жайларга мониторинг, жашыл коридорлорду түзүү.
- Акылдуу мобилдүүлүк. Коомдук транспортко артыкчылык. Мектеп жанындагы коопсуз өтмөктөр, Бишкек айланма жолу парламенттик көзөмөл.
- "Таза короо". Башкаруучу компаниялардын жоопкерчилиги. Көчөлөрдү таштандылардан жана башаламан соодадан иреттөө.
- Адилеттүү экономика. Кредиттер боюнча пайыздык чендерди чектөө. «Чакан бизнес фондун» түзүү. Өз алдынча иштегендер үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими.
- Бекем үй-бүлө. Балдарга карата зомбулукту жазалаган мыйзам. Окуучулары үчүн бекер тамак.Жаңы спорт аянтчалары, мектеп медицинасы.
- Ачык парламент. 20 миңге чейин сунуш-талаптардын онлайн картасы.Депутаттын электрондук кабылдамасы. Ачык отчеттору.
- Билим берүү жана санариптик келечек. Жаңы мектеп жана бала бакчалар. Санариптик класстар. Акысыз IT курстар. Жаңы кошулган конуштар үчүн билим берүү борборун түзүү.
Ак кызматын элге. Максатым – ар бир адам үчүн татыктуу жашоо.
Куру убада кылбайм. Айтканымы сөзсүз ишке ашырам.