КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Менин максатым — бекем үй-бүлө баалуулуктары, күчтүү армия жана эркин ишкердик.

Маданият жана тил. Кыргыз тилин жана улуттук маданиятыбызды, анын ичинде санарип чөйрөдө, коргойбуз жана өнүктүрөбүз.

Бизнес жана жумуш. Жумуш ордун түзгөндөргө жеткиликтүү кредиттер жана кепилдиктер берилет.

Кыргызстандан туруп киреше табуу. Онлайн иштей билген ар бир жаран үйүнөн чыкпай акча таба алсын. Кыргыз жарандарына дүйнө электрондук соода аянтчаларын ачык кылабыз.

Келечектин билими. Жасалма интеллект университеттери жана «темир мугалимдер» мекенибизде өөрчүйт. Мугалим кесиби кадырлуу жана жогорку айлык акы төлөнгөн кесипке айланат.

Жашыл энергетика жана ыңгайлуу жашоо. Үйлөргө күн панели бар чатырлар, электр унаалар жана кубаттоочу станциялар көбөйөт.

Коопсуздук жана адилет бийлик. Замандуу армия жана киберкоопсуздук, чек араны коргоого дрондордун «үйүрүн» колдонуу.

Кобуроок маалымат алууга – менин жеке ютуб каналыма жазылыныздар: https://www.youtube.com/@iskendersharsheev 

Дареги жана байланыш маалыматтары: Ашхабад көч. 9

Тел.: +996550511751. Почта: sharsheev.partners@gmail.com