МОЛДАЛИЕВ САТЫБЕК КАЛИЛОВИЧ

Мен, Молдалиев Сатыбек Калилович, 1962-жылы 16-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргычак айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1969-жылы 1-класска кирип, Кичи-Жаргычак орто мектебинин 10-классын 1979-жылы аяктадым.            1980-жылы СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылып, 1981-жылы Советтер Союзунун Маршалы Иван Степанович Конев атындагы Алма-Ата жогорку курама командалык окуу жайына тапшырып жана аны 1985-жылы ийгиликтүү аяктап, Варшава Договоруна ылайык Польша Эл Республикасынын Страхуф шаарында кызмат өтөгөм.            1990-1992-жылдары Ленинград аскер округунун Паргалов шаарында кызмат өтөп, ал эми 1992-жылы Түркестан аскер округундагы Аягуз шаарында танк батальонунун командири болуп дайындалгам.            1993-жылы өз мекениме келип Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамындагы Балыкчы шаарындагы 3-мотоаткычтар бригадасынын танк батальонунун командири болуп кызмат өтөп, 1996-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы өзүнчө атайын багыттагы батальондун командири болуп дайындалып, ошол эле учурда Казакстандагы Черняевка шаарында, Борбордук Азия батальонунун командири болуп кызмат өтөгөм. (ЖККУ).            1997-1998-жылдары Бундесвердин Генералдык штабынын академиясында билим алгам, Германия Федеративдүү Республикасы, Кельн шаары.            1999-2000-жылдары Баткен облусунда Өзбекстан ислам кыймылынын эл аралык террористтерине каршы согушка катышкам. Батальонду чебер жана билгич башкарганы жана жоочулардын жоон тобун жана талаа командири Абдулазиз Юлдашевди жок кылгандыгы үчүн 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2000-2002-жылдары Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн М.В.Фрунзе атындагы Куралдуу Күчтөр академиясында билим алып, мамлекеттин административдик-чарбалык башкаруу адистигине ээ болгом.

2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Подгорное айылындагы 2-мотоаткычтар бригадасын башкаргам.

          2002-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда иштедим.          2012-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан эмгек стажыма байланыштуу бошотулгам жана өзгөчө эмгегим үчүн Кыргыз Респуликасынын персоналдык пенсионери болуп келем.             2014-жылдан бери “Баткен жоокерлеринин республикалык комитети” коомдук бирикмесин жетектейм.            Үй-бүлөлүүмүн, үч баланы тарбиялап өстүрүп, алар аскер династиясын улантып, кызмат өтөөдө.