ТУРГУНБАЕВ АЛИАСКАР АБДЫЛДАЕВИЧ

Фамилиясы: Тургунбаев

Аты: Алиаскар

Атасынын аты: Абдылдаевич

Туулган датасы: 11 апрель 1982 ж.

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Демир Банк, башкы адис

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):

1982-жылы Бишкек шаарында муниципалдык кызматчылардын үйбүлөсүндө төрөлгөм. Атам инженер-куруучу, пенсияга чейин университетте сабак берген.

Билимим: Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназия, КГУСТА университинде “Дүйнөлүк экономика”, Япониянын университетинде “Мамлекеттик башкаруу/экономика” багытында магистри, Экономика илимдеринин кандидаты.

Инвестициялык саясат, мамлекеттик активдерди башкаруу жана менчиктештирүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча 20 жылдык жалпы тажрыйбам бар. Анын ичинен 12 жыл мамлекеттик кызматта. 5 жылы эл аралык уюмдарда консультант болуп иштегем. Макроэкономикадан студенттерге сабак берчимин. Акыркы эки жылдан бери банк тармагында иштейм.

Лозунг: Мыкты адистер өз ордунда – бул мамлекет учун өнүгүүгүн жаны деңгээлине түшүү!