СУРАБАЛДИЕВА ЭЛЬВИРА ЖЫРГАЛБЕКОВНА

Фамилиясы: Сурабалдиева

Аты: Эльвира

Атасынын аты: Жыргалбековна

Туулган датасы: 1978 жылдын 23 ноябры

 

 

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): 1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылыУлуубританиянын Бристолдук университетинин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылдан баштап Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.

2004-2006-жылдары КР Социалдык фондунун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

2006- 2015-жылдары «Кудайберген» соода-базар комплексинин директору.

2015 - жылы VI – чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин КСДПка партиясынан депутат болуп шайланган.

2020-жылдын октябрь айынын 2021-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

2022- жылдын 11-мартынан баштап № 27 Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Лозунг: “Элге”