Таза аба - жакшы жашоонун гана белгиси эмес, бул ар бир жараандын укугу. Транспорт маселеси дагы бир топ көйгөй жаратууда. Менин сунушум жаңы муундагы муниципалдык автобустар, бирдиктүү электрондук төлөмдөр, мектеп окуучуларга жана пенсионерлер үчүн акысыз жол жүрүү, "акылдуу аялдамалар". Мектептерге өзгөчө көңүл буруу. Мугалимдер жана балдарга татыктуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген жараандар үчүн транспорт, тротуарлар, мектеп жана ооруканалар ыңгайлуу болушу керек. Адаптация борборлорун жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке алган жумуш берүүчүлөр үчүн жеңилдиктер системасы. Пенсияны индексациялоо, "Мээримдүү камкордук" программасы. Эң башкысы - мекенчилдик.

Адрес: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Эркиндик бул., 31а, кв.6 Телефон: 0 701 223 999

Интернет тармагындагы байланыш маалыматтары: Gulnaz.majitovna.72@mail.ru