КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Бул программа — менин так кадамдарымдын планы, адамга, үй-бүлөгө жана Мекенге кам көрүүнүн жолу! Мен ишенем, биргелешкен аракеттер менен биз күчтүү, маданияттуу, адилеттүү жана бакубат Кыргызстанды куруп, ар бир жарандын келечекке болгон ишеними бекем өлкөнү түзө алабыз! Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, өзгөчө жаңы конуштардагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, баштапкы дары-дармектер менен камсыздоо. Калк үчүн акысыз медициналык кароолорду маал-маалы менен өткөрүү, жергиликтүү дарыгерлерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу. Эне жана балдардын өлүмүн азайтуу боюнча шашылыш чараларды көрүү, калкты сапаттуу жана коопсуз дары-дармектер менен камсыз кылуу. Жаш үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү турак жай жана жеңилдетилген кредиттерди колдоо, ошондой эле жаш ата-энелер үчүн пособияларды, салык жеңилдиктерин, гранттарды берүү аркылуу каржылык колдоо көрсөтүү.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти 203/2.
Тел.: +996 777 855 777
Почта: sharipamoldalieva@gmail.com