Алкоголдук продукцияны сатууга жана сатып алууга тыюуну курак боюнча мыйзамда каралган 18 жаштан 21 жашка чейин көтөрүү жана убакыт боюнча 22:00 – 9:00 саат аралыгына киргизүү;
Бардык коммуналдык төлөмдөрдө пайыздык негизде кошумча эсептелген туумдарды (пени) толук жоюу;
Кыймылсыз мүлккө жана ижарага берилүүчү турак жайга болгон бааларды төмөндөтүү максатында мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү;
Банктар тарабынан ишкерлик долбоорлорун пайызсыз жана туумсуз каржылоону өнүктүрүү;
Пайызсыз, туумсуз, баага үстөк кошумчаланган гана тартипте ипотеканы киргизүү;
Аялдарга жана кыздарга карата сексуалдык асылуу үчүн жазаны киргизүү;
Жашы жете элек балдары бар аялдардын жумуш күнүн бир же эки саатка кыскартуу;
16 жашка чейинки мектеп окуучулары үчүн муниципалдык транспортто акысыз жүрүүнү киргизүү.
Бишкек ш., Чуй пр., 261, 15-б.
Тел.: 0702 800 750
Почта: Kaiypov.kg@gmail.com