АКИМБАЕВА ГУЛЬНАРА ОРОЗБЕКОВНА

 

Туулган датасы: 1971-жылдын 30-январы

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын улук прокурору

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Орто мектепти, андан соң СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1994-жылы прокуратура органдарында баштаган. 1997–2007-жылдары улук прокурордон баштап Ноокат районунун прокурору жана Ош шаарынын прокурорунун орун басары кызматына чейин бир катар кызматтарды ээлеген. 2007-жылы Чүй облусунун прокурорунун орун басары, 2010-жылы Башкы прокуратуранын башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. 2011–2018-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун прокуратураларын жетектеген. 2018–2021-жылдары Башкы прокуратуранын негизги башкармалыктарын, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү жана кадрлар башкармалыгын башкарган. 2021–2025-жылдары Свердлов районунун прокурору, андан кийин Чүй облусунун прокуратурасынын улук прокурору болуп иштеген.

Лозунг: Ар бир добушка урмат жана жоопкерчилик менен конкреттүү кадамдар жана так аракеттер