КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:
- Туугандык бизнеске жол жок: Катуу антинепотизм. Чиновниктердин туугандарына мамлекеттик сатып алууларга жана жөнгө салынган базарларга катышууга тыюу салуу. «Телефондук укук» жана административдик басым үчүн кылмыш жоопкерчилиги.
- Чет элдиктер (анын ичинде КЭР): тартип жана коопсуздук.Кыргызстанга мыйзамдуу жана гумандуу иммиграциялык чектөөлөр. Визалык режим киргизүү, жумушчу визаларды жылына 2 айдан ашырбоо, турак жай жана жер тилкелерин сатып алууга тыюу салуу.
- Билим берүүнүн зыяндуу реформасына — жок.12 жылдык системадан баш тартуу. Билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары жана мугалимге реалдуу колдоо (айлык, турак жай). Бишкектеги лицей жана гимназиялардын статусун бардык жеңилдиктери менен кайтаруу.
- Криптомайнингге — стоп.Парламенттик иликтөө жана далилденген мыйзам бузуу болсо, Энергетика министрлигинин жетекчисинин отставкасы.
- Күч түзүмдөрү — кыйноосуз жана көрсөтмөсүз.Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборун кайра түзүү. Саясий туткундар менен камактагы журналисттерди бошотуу.
- Жеке менчиктин корголушу.Сот чечимисиз жана базардык компенсациясыз эч кандай бузуу болбошу керек. Ачык шаар куруу пландары, уруксаттар үчүн «бирдиктүү терезе». Рэкеттик басып алууларга каршы тез арабитраж жана кылмыш жоопкерчилиги.