Урматтуу шайлоочулар!

 

 Мен, 25-жылдан бери Ново-Покровка айылынын тургуну катары, өзумдүн билимимди жанатурмуштук тажрыйбамды төмөнкү артыкчылыктарды ишке ашырууга ниеттенүүдөмүн:

  1. Күчтүү экономика – туруктуу өлкө.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын жогорулатуу, анын аткарылышын контролдоо. Чакан жана орто бизнести колдоо. Аймакка айыл чарба тармагына инвестиция тартуу. Инфраструктураны жана туризимди өнүктүрүү.

  1. Жаштар жана билим берүү.

Студенттер үчүн практика жана практикалык программаларды түзүү. Окуу процессине заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү. Таланттуу жаштарды – спортчуларды, илимпоздорду, чыгармачыл адамдарды колдоо.

  1. Аялдар – бирдей мүмкүнчүлүктөр.

Бизнесте аялдарды колдоо. Энени жана баланы коргоо боюнча программаларды кеңейтүү. Дискриминация жана зомбулук менен күрөшүү: укуктук жана психологиялык колдоо.

  1. Улуу муунга жана пенсионерлерге кам көрүү.

Жеткиликтүү медициналык тейлөө маселелерин чечүү: амбулаториялар, дары-дармектер, айылдагы

дарыгерлер. Ардагерлерге, майыптарга, жалгыз бой карыларга социалдык кепилдиктер. Карыяны урматтоо демилгеси — маданий, медициналык жана укуктук долбоорлор.

  1. Этникалык жана маданий теңчилик.

Маданий бирикмелерди, тилдерди жана каада-салттарды колдоо. Көп түрдүүлүктөгү биримдик принциптерин ишке аш ыруу – Кыргызстан бардыгы үчүн.

  1. Чынчылдык, ачыктык, жоопкерчилик

Шайлоочуларга үзгүлтүксүз отчеттор: онлайн жана оффлайн. “Элдик көзөмөл” демилгеси – бюджеттин чыгашасын биргелешип көзөмөлдөө.

Мен иш-аракеттин, тартиптин жана конкреттүү чечимдердин адамымын.  

 

Шайлоодо ишеним жана  колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранам.

 

Урматтоо менен,

Молдобаев Бактыбек Садырович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер