КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Мен, Сейтказиева Эркеайым Алымовна, Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлигимди коюп жатам. Максатым — элге кызмат кылуу, аймактарды жана республиканын борборун экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүгө салымымды кошуу. Мен Ысык-Ата районунда чоңоюп өстүм. Эмгек жолумда мамлекеттик кызматта иштеп, жер ресурстары, экология, мамлекеттик башкаруу жана муниципалдык кызмат тармагына 10 жылдан ашык убактымды арнадым.
МЕНИН ПРИОРИТЕТТЕРИМ (АРТЫКЧЫЛЫГЫМ)
Жер мыйзамдарын жана кадастр системасын өркүндөтүү. Жер тилкелерин ачык-айкын жана адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү.
Таштандыларды өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү боюнча программаларды киргизүү.Социалдык коргоо жана үй-бүлөлөрдү колдоо. Көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге колдоо көрсөтүү. Аялдар жана жаштардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Таланттуу жаштарды жана ишкердик демилгелерди колдоо. Спорт жана билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Станция Ивановка айылы, Токтогул көчөсү, №17-үй.
Тел.: +996 999 12 42 99
Почта: Erkeaiym2792@gmail.com