Кымбаттуу шайлоочулар!
Мен биздин округдагы мугалимдердин, дарыгерлердин, фермерлердин, ишкерлердин, ардагерлердин, жаштардын жана жалпы эле жашоочулардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп, шайлоого аттанып жатам. Менин максатым экономиканы өстүрүп, ар бир жарандын жашоосуна татыктуу шарттарды түзүү аркылуу өлкөнү акыйкат өнүктүрүү. Бул үчүн депутаттык ишмердүүлүгүмдү төмөндөгүдөй багыттарда жүргүзөм:
- Экономиканы алдыга жылдыруу менен жаңы жумушчу орундарын түзүү:
- салыктык жеңилдиктерди жана жеткиликтүү насыяларды камсыздоо аркылуу орто жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү;
- округда индустриалдык өндүрүш зоналарын түзүү жана кайра иштетүү жайларын ачуу;
- субсидия, жеңилдетилген насыя жана түшүмгө кепилдик берүү чаралары аркылуу фермерлерди жана агро ишканаларды колдоо.
- Жарандар үчүн камкордук жана социалдык коргоо:
- көп балалуу үй бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди, ардагерлерди, пенсионерлерди жана ден – соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган программаларды күчтөндүрүү;
- медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ооруканаларды дары-дармек, квалификациялуу дарыгерлер жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу.
- Жаштар саясатын күчтөндүрүү, билим берүү жана маданият тармагын өнүктүрүү:
- билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу: мектептерди, спорт комплекстерин жана санариптик борборлорду куруу;
- бюджеттик мекемелерде эмгектенгендерди (аскер кызматкерлерин, билим берүү жана медицина адистерин) колдоо.
- Жаштар демилгелерин жана жумушка орношуу программаларын илгерилетүү.
- Инфраструктура жана экология:
- Жол тармагын өнүктүрүү, бардык айыл-кыштактарды таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу;
- Калдыкты кайра иштетүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду өнүктүрүү;
- Жарандардын жана бейөкмөт уюмдардын экологиялык демилгелерин колдоо.
Ар бир жаран эртеңкисине ишеним менен карай турган күчтүү, акыйкат жана заманбап Кыргызстанды куруу – менин башкы максатым. Биз биргеликте өз округубуздун мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алабыз.