Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Исаев Акжол Апсаматовичтин

 

шайлоо алдындагы программасы

 

 

Менин шайлоо алдындагы урааным: “Элге жардам берем!”

 

“Элге жардам берем!программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Айылдык кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн демилгеге таянып, Кемин районун газдаштырууну андан ары илгерилетүү.
  2. Бишкек-Торугарт жолунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, тактап айтканда:

- Чоң-Кемин, Боролдой, Алтымышев бурулуштарында коопсуз кирүү-чыгууну;

- Кемин шаарында, Нур, Ак-Пикет, Жаңы-Алыш, Бообек айылдарында жер астындагы өтмөктөрдү куруу;

- Жаңы-Алыш – Орловка жолунун бурулушуна светофор орнотуу;

- Кашкелен айылында, ошондой эле Бообек жана Жаңы-Алыш айылдарынын ортосунда малды айдап өтүү үчүн тоннель курулмасы.

  1. Орловка шаарынын ооруканасын толук калыбына келтирүү жана мурдагы кесиптик деңгээлине жеткирүү.
  2. Региондор үчүн салыктык жана социалдык ставкаларды төмөндөтүү аркылуу чакан жана орто бизнести колдоо.
  3. “Ата-Эне мектеби” программасы боюнча мектептердин координаторлору үчүн өзүнчө каржылоого жана республикалык бюджет аркылуу класс жетекчилер үчүн үстөктөрдү көбөйтүүгө жетишүү.
  4. Улуттук-этностук жана маданий-агартуу борборлорун тартуу менен региондук туризмди активдүү өнүктүрүү (Санжыра музей ж.б.).
  5. Аскер пенсионерлерин, Афганистан согушунун, Баткен окуясынын ардагерлерин, Чернобыль авариясын жоюуга катышкандарды тартуу менен мектептерде аскердик-патриоттук ишти күчөтүү (бул категориядагы адамдарды колдоо).
  6. Айылдык кенештин депутаттары, жарандык активисттер тарабынан демилгеленген долбоорлорду менин “За Кемин үчүн” коомдук уюмум, Аайылдык ден-соолук комитети, жаштар, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери ж. б. менен кызматташуу тажрыйбама таянып, кыйла жогорку деңгээлде натыйжалуу илгерилетүү.
  7. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (майыптарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө ж. б.) реалдуу колдоо көрсөтүү.
  8. Кичи-Кемин өрөөнүндөгү калдык сактоочу жайларды коопсуз кармоо жана Кемин менен Чүй райондорунун жайыттарынын деградациясын азайтуу боюнча атайын долбоорлорду түзүүгө жетишүү.