Урматтуу шайлоочулар! Мени Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүдө колдоо көрсөткөнүңүз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Менин максатым – районубуздун жаштарынын дараметин ишке ашырууга, өнүгүүсүнө, коомго салым кошуусуна шарт түзүү. Мен жаштардын кызыкчылыгы үчүн күрөшүп, демилгелерди колдоого, жаштардын көйгөйүн чечүүгө жардам берүүгө даярмын. Жаштар саясатынын маселелерине өзгөчө көңүл бурууга, жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруусуна жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга шарт түзүү, демилгелерди колдоо, жаштардын жергиликтүү жана аймактык башкарууга катышуусу, жаш адистердин айыл жергесинде жана райондордо иштөөгө болгон мотивациясын жогорулатууга колдоо көргөзүүгө шарт түзүү. Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү келечек муундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам деп эсептейм. Мен өз ишмердүүлүгүмдө салттуу кол өнөрчүлүктү жана искусствону колдоого көмөктөшөм, тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо жана жайылтуу боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашыруу. Мен өзүмдүн шайлоо округумдун жарандарынын таламдарын коргоого өзүмдүн берилгендигимди билдирем. Эгер депутат болуп шайлансам, менин артыкчылыктарым:· Маданий инфраструктура объектилеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;· Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү;· калктын жашоо сапатын жакшыртуу;· Социалдык объектилердеги оңдоо иштеринин чечилишине көмөк көрсөтүү; · Жарандардын аярлуу категорияларына социалдык колдоо көрсөтүүгө коомчулукту тартуу.Коомдук себептерге жалындуу мамиле кылуу гана реалдуу натыйжаларды берет; талыкпаган эмгек гана каалаган өзгөрүүлөрдү алып келет. Келгиле, балдарыбыздын жыргалчылыгы үчүн бул ишти бирге алалы!
дареги жана байланыш маалыматтары: Кемин шаары, Шевченко 4
Тел.: 0500140019
Почта: gulnaz85_11@mail.ru