КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Мен шайлоого көйгөйлөрдү айтып кана койбой, аларды чечүү үчүн катышып жатам. Менин максатым-мамлекетти адилеттүү кылуу, экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана ар бир жарандын жашоосун татыктуу деңгээлге жеткирүү.Элге бүгүн куру убада эмес, так иш, ачыктык жана жоопкерчилик керек.

🔹️1. Ачык жана таза бийлик Эл үчүн иштеген жаңы саясат

Мамлекеттик кызматтар - эл үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү болушу керек. Коррупцияга каршы саясий эрк жана элдик көзөмөл.Чечимдер - элдин үнүнө таянып кабыл алынсын

"Таза бийлик - таза келечек!"

🔹️2.Ишкердик,эмгек жана ӨНҮГҮҮ.Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү. Жаш ишкерлерге, фермерлерге, стартаптарга мамлекеттик колдоо. Айыл чарбасын модернизациялоо, фермерлерге жардам жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү

Инвесторлор үчүн ачык, коопсуз жана түшүнүктүү шарттарды түзүү "Иш бар жерде - жашоо бар!"

🔹️ 3. Элдин жашоосу жана кош колдоо. Президенттин социалдык  демилгелерин ишке ашырууда парламенттик колдоо. Мугалимдерге, дарыгерлерге жана эмгекчил элге - татыктуу шарт. Ар бир жаран үчүн сапаттуу медицина жана турак жай. Ар бир үй-бүлө өз өлкөсүндө бактылуу жашасын!

"Элдин тынчтыгы - мамлекеттин байлыгы!"

🔹️ 4. Жаштар жана өлкөнүн келечеги. Мамлекеттик программа: "Кыргызстандын жаштары - XXI кылымдын лидерлери". IT жана стартап долбоорлорун мамлекеттик деңгээлде колдоо.

Жаштар үчүн кесиптик багыт берүү жана грант программалары. Ар бир аймакта спорт жана маданий борборлорду куруу.

🔹️ 5. Экология жана аймактарды өнүктүрүү. Пайдалуу кендер казыналарын иштетүүдө элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюу. Сугат жана ичүүчү суу системаларын жаңылоо.

"Жашыл Кыргызстан" долбоорун колдоо - көчөт отургузуу, калдыктарды кайра иштетүү. Аймактардагы жолдорду, энергетиканы жана инфраструктураны жакшыртуу.

Менин принциптерим:✅️ Ачыктык - эл менен туруктуу байланыш жана маалымат берүү.✅️ Жоопкерчилик - ар бир убада үчүн эл алдында жооп берүү.✅️Көз карандысыздык - чечимдер элдин кызыкчылыгында кабыл алынат. Адилеттүүлүк - ар бир жаран үчүн бирдей мүмкүнчүлүк.

 

Дареги жана байланыш маалыматтары: Чүй областы, Чүй району,  Жаны-Жол айылы, Сыргабая көчөсү № 89.      

Телефон:0554890380,0553008078

Электрондук почта: nurmuhamed7788@gmail.com