КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасынын негизги багыттары экономикалык өнүгүү, социалдык чөйрө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Экономикалык өнүгүү багытында негизги максат — инвестиция тартуу, жергиликтүү бизнести, айыл чарбаны жана туризмди колдоо үчүн мыйзамдарды иштеп чыгуу. Чакан жана орто бизнести, ошондой эле аймакка инвестиция салган компанияларды колдоо үчүн салык жеңилдиктерин киргизүү демилгеленет. Социалдык чөйрөдө билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин заманбап технологиялар менен камсыз кылуу жана каржылоону көбөйтүү зарыл. Аялдар менен балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу, атайын кризистик борборлорду жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү эң маанилүү. Жарандардын коопсуздугун жакшыртуу үчүн укук коргоо органдарынын ишин, жумуш шарттарын жакшыртып, технологиялык жабдууларын жаңыртуу каралган. Мындан сырткары, видеобайкоо камераларын орнотуу жана жаштарды кылмыштуулуктан алдын алуу программаларын ишке ашыруу пландалган. Талапкердин ишинин негизги принциптери — шайлоочулар менен ачык диалог, отчеттуулук жана атайын платформа аркылуу мыйзам чыгаруу ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берип туруу, ошондой эле жаштарды коомдук иштерге активдүү тартуу болуп саналат.

Дареги жана байланыш маалыматтары: Бишкек ш.

Тел.: +996702279031

Почта: biznestovary@gmail.com