Программасы:

​ Жогорку билими – юридикалык, 2007-жылы Кыргыз-Россия Славян институтун аяктаган.

​Мамлекеттик жана муниципалдык чөйрөдө иш тажрыйбам бар, көп жылдар бою Бишкек шаарынын мэриясынын системасында жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде эмгектендим.

Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуу чечимин кабыл алдым:

- Элдин үнү болуп, бардык маселелерди чечип, жарандардын ар кандай кайрылууларын көңүл сыртында калтырбоо;

​- бардык балдардын келечегин камсыз кылуу, аларга татыктуу билим берүү жана ар бир үй-бүлөгө эртеңки күнгө ишеним көрсөтүү;

- бардык кызматкерлерге, биринчи кезекте педагогдорго жана медиктерге татыктуу эмгек акы маселесин чечүү;

- өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

— жаштарды колдоо-гранттар, окутуу, чакан бизнес;

-курулуш секторун жана санариптик кесиптерди өнүктүрүү;

— жаш үй-бүлөлөрдү колдоо, турак жайдын жана бала бакчалардын жеткиликтүүлүгү.

 

Жарандардын ар бир кайрылуусу, ар бир көйгөйү — мен үчүн жеке иш болот.

Эгерде аялга элдин ишеними, туруктуулугу жана колдоосу болсо, системаны өзгөртө алат деп ишенем жана бүгүнку кундо Сиздерден ушул колдоону суранам.

​Ишеним жана колдоо үчүн ыраазы болом!