Менин Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттануумдун негизги максаты жарандардын кызыкчылыктарын колдоого, демократиялык жана социалдык мамлекет курууга, жер жана курулуш жаатындагы мыйзамдарды учурдун талабына ылайык келтирүүгө, аймактык туризмди өнүктүрүүгө, өлкөбүздүн жаратылышына жана анын тазалыгына болгон мамилени өзгөртүүгө, ишкерлерди мамлекеттик деӊгээлде колдоого, айыл–чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандарга, фермерлерге, товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгаруучу ишкерлерге жеӊилдетилген шартта насыя алууга багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелөө жана аларга тоскоолдук жаратуучу укуктук ченемдик актыларды жокко чыгаруу.