Кыргызстандын өнүгүүсү – бул жөн гана сандар жана статистика эмес. Ал ар бир жарандын жүрөгүндө жаткан улуттук рухту ойготуу, эне тили менен жашап, сапаттуу билим алып, өз жеринде бакубат жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүү.

Кыргызстанда акыркы жылдары жогорку бийликтин аракети менен мектептер, бала бакчалар, жолдор жана инфраструктура курулуп жатат. Бул - мамлекеттин туруктуу өнүгүүгө карай кадамдары, бирок биздин негизги милдет - коомдун аң-сезимин улуттук наркка негизделген идеологиялык куралдар менен өзгөртүү.

Биз мектеп куруп жатабыз, бирок ошол мектептин ичинде улуттук аң-сезим, нарктуулук, адамгерчилик, ыйман, тил жана маданият балдарга сиңирилип жатабы? Биз жол салып жатабыз, бирок ошол жол жаш муунду руханий бийиктикке жетелеп жатабы?

Буга байланыштуу менин программам төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга багытталган:

  1. Улуттук анимация өндүрүшүн же кыргыз тилинде мультфильмдерди жаратуу жана чет тилдеги мультфильмдерди которуу боюнча мамлекеттик долбоорлорду сунуштоо;
  2. Мектеп жана жогорку билим берүү программаларына улуттук нарк, тарбия жана тил маданиятын системалуу окутууну камтыган окуу программаларын киргизүүнү мыйзам түрүндө камсыз кылуу;
  3. Эне тилди заманбап ыкмалар менен үйрөнүү үчүн мамлекеттик долбоорлорду ишке киргизүү (санарип платформалар, мультимедиалык окуу куралдары, тилди оюн аркылуу үйрөтүү ж.б.);
  4. Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин камсыз кылган мамлекеттик долбоорлорду сунуштоо;
  5. Жаштардын улуттук идеологияга негизделген лидерлигин жана атуулдук жоопкерчилигин өнүктүрүү боюнча өнөктүктөрдү ишке ашыруу.